Бишкекте айдоочу эки адамды сүзүп кетти

555 0

Бишкекте айдоочу эки адамды сүзүп кетти

Кырсыктан жаракат алган 39 жана 28 жаштагы жарандар шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды.
Шейшемби күнү кечинде Бишкек шаарынын Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткенин Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.



Маалыматка караганда, кечээ күнү саат 18:30да Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа эки адамды койдуруп кеткен. Кырсыктан жаракат алган 39 жана 28 жаштагы жарандар шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Кырсыкка шектүү 26 жаштагы айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулду.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->