Өзүнүн күйөөсүн жиликтеп өлтүргөн 25 жаштагы С.Айдай Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психикалык ооруканасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти.
Анын маалыматына караганда, кезектеги комиссяи анын диагнозуна байланышкан корутундуну берүү үчүн аны байкоого алып жатат.
25 жаштагы С.Айдай 2015-жылдын 18-августунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ал чатак учурунда өзүнүн күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүп, андан кийин денени жиликтеп, шаардын ар кайсы райондоруна таштап келгени такталган.
Булак: turmush.kg