$ 68.64 - 68.87
€ 80.21 - 81.10

Жалал-Абадда жарандар өз ыктыяры менен курал тапшырууда

191 0

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз сактап жүргөн куралдарды жарандар өз ыктыяры менен милицияга тапшырууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы кабарлады

29-март күнү Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нелегал” операциясын жүргүзүү учурунда Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 31жаштагы жаран, атасынан калган куралын милиция кызматкерлерине тапшырган. Ал ок атуучу куралдын чыгарылган жылы белгисиз, 28-калибрлүү сайсыз мылтык.

Мындан сырткары Тогуз-Торо РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмү 24-март күнү Тогуз-Торо районунун Бирдик айылынын тургуну 21 жаштагы жаран да атасынан калган, 1961-жылы чыгарылган “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү 5,6мм калибрлүү сайлуу ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->