Кыргызстандын 2015-жылдагы республикалык бюджетине бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

436 0

Жогорку Кеӊештин өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышуусунда өткөн жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып, талкуудан соӊ, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы маалымдады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү ыргагы 2015-жылдын бюджетине айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болду. Бюджеттин киреше бөлүгү 6 млрд 46 млн сомго көбөйтүлүү менен, жалпы бюджет 117 млрд 577 млн сом көлөмүндө аныкталууда. Ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгү 133 млрд 636 млн сомду же ички дүӊ өнүмдүн 30,5% түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 млрд 222 млн сомго азая турганы белгилүү болду.

Белгилей кетчү жагдай, доллар куну кескин көтөрүлүп, улуттук валюта куну төмөн түшүп кеткенинен улам, бюджеттин киреше бөлүгү болжол менен 200 млн сомго кемиди. Салыктык кирешенин көлөмү да мурда такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 млрд 154 млн сомго азайды. Ошентип, бюджет долбооруна ылайык, 2015-жылы экономиканын иш жүзүндө өнүгүү деӊгээли 5,2% түзөрү күтүлүүдө.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан бюджетте бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу, мамлекеттик органдардын чыгымдарын кыскартуу, бөлүнгөн каржынын жумшалуу жүрүмүн көзөмөлдөө, калктын чабал катмарынын социалдык жактан корголушун каржылоо абалын жакшыртуу, тыштан карыз алууну азайтуу сындуу бир катар алгылыктуу сунуштар айтылды.

Андан сырткары, Өкмөткө өлкө экономикасынын ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу, импорт менен экспорттун көлөмүн көтөрүүгө өзгөчө көӊүл буруу аркылуу салыктык жана бажылык кирешелерди арттыруу, республикалык бюджеттин аткарылуу жүрүмүнө көзөмөлдү күчөтүү, Эсептөө палатасынын мыйзам долбоору боюнча сунуштамаларын кынтыксыз аткаруу тапшырмалары берилди.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->