$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Жаңы жыл алдында Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы жанданат.

557 0

Бир жыл мурун токтотулган Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы 28-декабрдан тарта кайра жанданып, аптасына бир жолу учуп турат. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө, эки каттам аткарылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Аба майданындагы учуу тилкесинин кыскалыгы жана айрым техникалык жагдайлардан улам 2014-жылдын 28-октябрында каттам токтотулган. Ага чейин аптасына эки жолу учактар каттап турушкан.

Быйыл мамлекет башчы аймакка жасаган иш-сапары учурунда жергиликтүүлөр бул маселени көтөрүп, президент аны чечүүгө убада берген. Аэропорттогу мүчүлүштүктөр чечилгенин калаа бийлиги айтууда.

Бишкек-Жалал-Абад каттамына билет баасы 2500 сом болот.

Жалал-Абад аэропорту 1945-жылы салынган.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->