$ 68.12 - 68.35
€ 79.04 - 80.12

Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 76 жашка чыкмак...

606 0

Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 76 жашка чыкмак...

Абдыкадыров Рыспай– 20-кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана ырчысы.
Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө обондору, ырлары менен жаркын из салган албан талант.

Ал 1941-жылы 12-январда Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу : Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган.

Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.

Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган.

Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, азыркыга чейин улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алып келет.

Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 76 жашка чыкмак...
1988-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң, "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.

1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген.
Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган.

Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 76 жашка чыкмак...
1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук кор (фонд) да уюшулган.



KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->