$ 68.57 - 68.95

РОССИЯ ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫН МАРКИРОВКАЛАЙТ

116 1

2019-жылдан тарта бардык жаныбарлар милдеттүү түрдө катоого алынууга тийиш. Ал эми идентификациялык бирдиктүү система 2019-жылга чейин түзүлөт. Бул тууралуу “Известия” гезити вице-премьер Аркадия Дворковичтин айткандарына таянып жазып чыкты.

 РОССИЯ ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫН МАРКИРОВКАЛАЙТ

Билдирүүгө караганда жылкыларга, ири мүйүздүү малга, бугуларга, төөлөргө, үй канаттууларына, ит менен мышыкка, коёнго, ал гана турсун бал аары менен балыктарга да уникалдуу номерлер берилмекчи.

Маркировкалоо мөөнөтү 2 этап менен өткөрүлөт. 2018-жылдын 1-январынан тартып кайсы бир үй жаныбарларын үчүн, ал эми 2019-жылдын башталышы менен калган жаныбарларды өткөрүү үчүн буйрук чыгарылат. Ага ылайык, ар бир кожоюн өз макулуктарын 15 сандан турган номердеги уникалдуу идентификациялык белгилер менен жабдууга милдеткер болот. Маркировкалоо каражаттары ар түрдүү болушу мүмкүн: бирка, татуировка, эн тамга, шакекче, моюнтук же чип. Анда жаныбар тууралуу бардык маалымат камтылат. Үй жаныбарларын ал туулгандан кийинки биринчи үч айда каттатуу керек. Эгер сырттан сатып алып кире турган болсо, алар да алгачкы 3 айдын ичинде катталууга тийиш.

Вице-премьер Аркадия Дворковичтин билдирүүсүнө караганда Россиянын Айыл-чарба министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги жана Каржы министрлиги биргелешип идентификацияны ишке кийирүү “жол картасын” иштеп чыгууга тийиш.


Даярдаган: А.ИСАЕВ
KYRGYZTIMES.KG

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Гулкайыр
Гулкайыр 12.01.2017


Акылбек Жапаров койлорго паспорт бериш керек дегенде кулгондор эми кантээр экен. Уюбуздун "паспорту" жоктугунан сут-майын казактар откорбай жатат. Этти айтпай эле туралы! Баракелде Акылбек мырза, эгер сиздин айтканды угушканда бир топ женилдик болмок! Элге дегеним, уйга эмне чобун жеп. сутун берип коюп кепшеп жата берет...

-->