Исландия Евробиримдикти самайт

235 1

Исландия Өкмөтү Евробиримдикке кирүү жөнүндө маселе көтөргөнү жатат. Бул өлкөгө буга чейин Шенген аймагына мүчө болуп бирок, Евробиримдикке кирген эмес.


Исландия Евробиримдикти самайт

Россиянын маалымат агенттиктери Исландиянын коалициялык жаңы өкмөтү жакында Евробиримдикке кошулуу тууралуу маселе көтөрүүгө даярданып жаткандыгын билдирүүдө.

Мындан 8 жыл мурда Исландия Евробиримдикке кирүү ниетин билдирип арыз берген эле. Ал учурда аталган өлкө кризис сазына батып турган. Бирок, кыйынчылыктан чыга баштаганда биримдикке кирүү шарттары боюнча Брюссель менен тил табыша албай, Тышкы иштер министрлиги тарабынан арыз кайтарылып алынган.

Бүгүн эми Исландия өкмөтү кайрадан бул темага кайрылып, Евробиримдикке кирүү боюнча референдум дайындоо жөнүндө маселени парламенттин талкуусуна даярдоодо.


Даярдаган: А.ИСАЕВ
KYRGYZTIMES.KG

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Темирлан
Темирлан 12.01.2017


Обу жок олко экен. ЕвроСоюзга кирсек кандай болот деп кыргыздардан сураса болмок... бири кире албай жатса. бири чыгалбай убара... Кыргызстан Евросоюздагы местасын Исландияга сатып жибербейби, аларды коп убара кылбай.

-->