КҮЙӨӨСҮНӨ ӨЧӨШҮП ЭКИ КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН ЭНЕ 20 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

1086 0

КҮЙӨӨСҮНӨ ӨЧӨШҮП ЭКИ КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН ЭНЕ 20 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

Өткөн жылдын 15-октябрында төркүнүдө жүргөн К.А. аттуу келин экинчи күйөөсү (алар жарандык никеде болушкан) башкага үйлөнүп алганын угуп, ага өчөшүп, эки кызын мыкаачылык менен өлтүргөн.

Жогорку соттун маалыматында К.А. алгач 8 жаштагы кызынын башына целлофан баштыкты кийгизип, кызынын тыбырчылап ыйлагандыгына карабастан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Андан кийин эки жаштагы кызын алдына алып, аны бетинен өөп, коштошуп туруп, улуу кызын тумчуктурган баштык менен кыйнап өлтүргөн.

Аталган кылмыш иши 2016-жылдын 28-декабрында Кочкор райондук сотунда каралды. Соттук отурумда соттолуучу К.А. кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мурдагы жолдошу үйлөнүп алганына өчөшүп эки кызынын өмүрүн кыйганын айтып өкүнүп кечирим сураган.

Сот аялды айыптуу деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->