$ 67.41 - 67.71
€ 73.11 - 74.08

Базар-Коргондо өз баласын өлтүргөн жаран 13 жылга кесилди

322 0

Базар-Коргондо өз баласын өлтүргөн жаран 13 жылга кесилди

Базар-Коргон айылынын тургуну өз баласын өлтүргөнү үчүн 13 жылга кесилгенин КР Жогорку сотунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эркинен ажыратылган Нодирбек аттуу жаран баласын күнүгө сабап, акыркы күнү таяк менен бир нече жолу урган.

"Саат 20:00дөр чамасында кичинекей уулун сыналгыны сындырып койгондугу үчүн таяк менен башка жана денесинин башка мүчөлөрүнө бир нече жолу чапкан. Саат 23:00дө уулун жуундуруп коёюн дегенде уулу качып башка бөлмөгө кирип кеткен. Артынан кирип уулунун эки кулагынан кармап жерди бир нече жолу сүздүрүп жибергенде уулу алган жараттан улам окуя болгон жерде каза болгон", — деп айтылат маалыматта.


Жалал-Абад облустук соту ишти карап 29 жаштагы айыпталуучуну Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (2-бөлүм, 3-пункту "Алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү жарыяланган убакыттан баштап күчүнө кирди.

Булак;chabarman.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар