Орто-Сай базарынын сатуучулары ижара акынын кымбаттоосуна байланыштуу митингге чыкты (Видео)

340 0

Орто-Сай базарынын сатуучулары ижара акынын кымбаттоосуна байланыштуу митингге чыкты (Видео)

Бишкектеги Орто-Сай базарынын ичиндеги «Кулун-Ата» кичи базарынын сатуучулары ижара акынын кымбаттоосуна байланыштуу митингге чыгышты. Алардын жарымы курулуш материалдарын сатышса, жарымы кийим-кече сатып иштешет.

Жетекчилик ижара акысы 5200 сомдон 7 500 сомго кымбаттай тургандыгын, мунун себебин жерге болгон салыктын көтөрүлгөндүгү менен түшүндүргөн.

«Директор Лира Акунова бир бирден кирсек, бизге бакырып жаткан. Бүгүн минтип массалык түрдө чыкканыбызда, өзүнүн кабинетинен чыкпай койду» — деп айткан митингге чыккандардын бири ММК өкүлдөрүнө.

Алардын айтымында эгер 7500 сом төлөбөй турган болсо, күнүнө 1% туум кошулаары тууралуу жетекчилик эскертүү бериптир.

Бул маселени Монополияга каршы агенттик көзөмөлгө алуусу кажет окшойт…



Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар