$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Ысык-Көлдүк адам 15 килограмм баңгизаты менен кармалды

233 0

Ысык-Көлдүк адам 15 килограмм баңгизаты менен кармалды

Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургун 15 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы ЖМКларга билдирди.

Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Каракол-Совхоз айылынын тургуну өзүнүн үйүндө ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу оперативдүү маалымат келип түшкөн.

Анын негизинде аталган тургундун үйүнө текшерүү жүрүп, анын үйүнөн 15 килограмм өлчөмүндө марихуана табылган. Үйдүн ээси 53 жаштагы К. Абдылда аттуу жаран болгон. Кармалган адам өзүнүн түшүнүгүндө баңгизатын жайында эле даярдаганын жана колдонуу максатында сактап жүргөндүгү боюнча көрсөтмө берген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектелген адамдын берген маалыматы текшерилип жатат. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат“, – деп айтылат маалыматта


Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар