$ 68.44 - 68.70
€ 80.10 - 81.12

Аялы секс менен алектенүүдөн баш тарткан күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн кесип салды

4748 0

Аялы секс менен алектенүүдөн баш тарткан күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн кесип салды

46 жаштагы Лю такси кызматында иштеп жүргөн. Ошол себептен, ал күн сайын үйүнө кеч, ары чарчаңкы кайтат. Акыркы кездерде Люнин тапкан акчасы дагы азайып кетет. Мунун айынан жубайы аны башка аялдар менен жүрөт деп ойлой баштаган. Анан эле күйөөсү жумушутан келгенде: “Бүгүн түнү мени канааттандырасың, болбосо жаныңды сууруйм”, - деп коркутат. Бул тууралуу The San басылмасы жазып чыкты.

Адаттагыдай эле ошол күнү дагы Лю жумуштан чарчап келген эле. Аялына жыныстык катнаш менен алектенүүгө чамасы да, каалоосу дагы жок экенин айткан ал балээге калат. Башкача айтканда, 54 жаштагы Чжан анын жыныс мүчөсүн кесип таштаган.

Аялы секс менен алектенүүдөн баш тарткан күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн кесип салды


Жубайынан жапа чеккен кытай дароо ооруканага жеткирилген.

Күйөөсүнөн көңүлү калган Чжан: “Люнин бир нече көңүлдөшү бар,ошол себептен үйгө кайтканда анын күч-кубаты кетип калат”,- деп,ага кошумча үйгө алып келген акчасы да азайып кеткенин айтат.

Люнин айтуусуна караганда,аялы андан секс менен алектенүүнү талап кылып, антпесе жыныс мүчөсүнө зыян келтирерин айтып сес көрсөткөн.
“Бирок, мен бир нече күндөн бери жакшы уктаган эмесмин. Энергияны кайдан алышым мүмкүн?” - дейт Лю.

Ачууга алдырган Чжан күйөөсүнүн мүчөсүн так экиге бөлгөн.
Бул окуядан кийин Чжан күйөөсүнүн дары-дармектеринин акысын төлөөдөн баш тартып, ооруканага бир да жолу басып барбаган.
Чжан күйөөсүнүн 4-5 көңүлдөшү бар деп эсептегени менен, Лю анын баарын жокко чыгарган.
Азыркы убакта Лю ооруканада ден соолугун калыбына келтирүүдө.

Басылмаларга берген маегинде Чжан: “Анын көңүлдөштөрү көп. Үйгө такыр келбей турган болду. Колумда далил дагы бар. Ушундай жагдай болбогондо,бул кадамга бармак эмесмин. Катуу ачуум келип жатат. Күн сайын ыйлайм.

Мени менен ажыраш дедим. Андайды өзү каалабайт. Башка эч бир аялга ишенбегенин айтат. Ошол себептен ажырашуубузга макул болбойт”,- деген.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.


Булак;chabarman.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар