$ 68.57 - 68.95

ЖМК: Питерде КР жараны метродо бир адамды поезд алдына түртүп жиберди

796 0

ЖМК: Питерде КР жараны метродо бир адамды поезд алдына түртүп жиберди

Маалымат каражаттары шектүү киши Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышты, бирок укук коргоо органдары муну тастыктаган жок.
Санкт-Петербургда эркек киши бир адамды жүрүп келе жаткан поезддин алдына түртүп жиберген. Бул тууралуу Россиянын шаар боюнча тергөө комитети билдирди.


Окуя 10-январь күнү эртең менен "Площадь Александра Невского" метросунун станциясында болгон. 22 жаштагы жигиттердин ортосунда чыр чыгып, натыйжада бири экинчисин түртүп жиберген. Жыгылган адам ошол эле жерден мүрт кеткен.

Учурда шектүү киши кармалды. "Фонтанка" сайтынын маалыматы боюнча түрткөн адам Кыргызстандын, ал эми каза болгон жигит Өзбекстандын жараны.

Тергөө комитетинин маалымат кызматы шектүү кишинин жарандыгы иликтөө иштеринен улам айтылбай турганын белгиледи. Кырсыкка себепкер адамга карата Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул маалымат такталып жатканын билдирди.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар