$ 68.47 - 68.69
€ 80.40 - 81.19

Кардардын унаасын айдай качкан унаа жуугуч бала түркүктү сүзүп салды

421 0

Кардардын унаасын айдай качкан унаа жуугуч бала түркүктү сүзүп салды

19 жаштагы жигит менен кыз түркүктү сүзгөндөн кийин качып кетишкен. Бишкектеги унаа жуучу жайлардын биринин кызматкери кардардын унаасын айдай качып, жол кырсыгына кабылганын ШИИБдин кайгуул милициясынан билдиришти.

"Бүгүн түнү саат 01.30дө жол кырсыгы боюнча маалымат түштү. Жаш Гвардия бульвары менен келе жаткан унаа Рыскулов көчөсүнүн кесилишиндеги түркүктү сүзүп алган", — деп айтылат билдирүүдө


Жерине барган Кайгуул кызматы Acura үлгүсүндөгү унаанын ичинен эч кимди тапкан эмес.

"Күбөлөрдүн айтымына караганда, унаа түркүктү сүзүп алгандан кийин ичинен жигит менен кыз чыгып, качып кетишкен", — деди милиция кызматкери.


Иликтөөнүн натыйжасында 19 жаштагы бала кармалды.

"Жигит алгач унаа өзүнүкү экенин айткан, бирок ага тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Аны Ленин РИИБине алып барып, өздүгүн аныктагандан кийин унаанын кожойкеси келип, баланын үстүнөн уурдоо боюнча арыз жазды. Көрсө бала унаа жуучу жайда иштейт экен. Машинанын ээси унаасын жуудуруу үчүн таштаган. Жигит сүйлөшкөн кызын сейилдетип келүү үчүн унааны айдап кеткенин мойнуна алды", — деди
Кайгуул милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалай Бугубаев.


Унаа жуугуч бала милицияга унаанын жанынан кызды үйүнө узатып коюу үчүн гана кеткенин, кайра кайрылып келе жатканын билдирди. Азыр ал Ленин РИИБинде, иликтөө иштери уланууда. Унаа айып төлөөчү унаа токтотуучу жайга киргизилди. Кармалган жигит Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жайда иштечү.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар