$ 68.53 - 68.86

Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду (ФОТО)

292 0

Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду  (ФОТО)

Каза болгондордон тышккары дагы үч адам ар кандай жаракаттарды алган. Кечээ Бишкек—Ош унаа жолунун 128-чакырымында МAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Honda CR-V унаасы кагышып, жыйынтыгында эки адам каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду  (ФОТО)

"Жол кырсыгы катталган жерге барган куткаруучулар жеңил унаадан каза болгон адамдардын сөөгүн чыгарып, Жайыл райондук ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Оор жаракат алган бир киши Тез жардам кызматы тарабынан Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилген",— деп айтылат билдирүүдө.

Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду  (ФОТО)

Ал эми жаракат алган эки адамды куткаруучулар барганга чейин жолдо өтүп бараткан менчик унаа менен Кара-Балта шаардык ооруканага жеткиришкен.

Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду  (ФОТО)

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар