$ 68.02 - 68.32
€ 78.75 - 79.55

Бишкектин чок ортосунан селсаяк аялдын өлүгү табылды

432 0

Бишкектин чок ортосунан селсаяк аялдын өлүгү табылды

Сөөгү көчөдө табылган аялдын өлүмүнүн себептери аныктала элек. Жибек Жолу проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде аял кишинин жансыз денеси табылганын Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"10-январь күнү эртең мененки сегизде Жибек Жолу проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "7 дней" дүкөнүнүн жанынан болжол менен 40-45 жаштагы европа улутундагы аялдын жансыз денеси табылды. Сөөктү карап чыкканда аял селсаяк экени белгилүү болду", — деди Казакбаев.

Анын айтымында, сөөк дароо өлүкканага жеткирилген, өлүмдүн себептери аныкталып жатат.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар