$ 68.44 - 68.70
€ 80.10 - 81.12

ТИМ: Красноярскиде сүннөттөн каза болгон бала кыргыз болуп чыкты

740 0

ТИМ: Красноярскиде сүннөттөн каза болгон бала кыргыз болуп чыкты

Үч жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин чарчап калган. Аталган үй-бүлө Россиянын жарандыгын алган кыргыздар экени белгилүү болду.
Россиянын Красноярск шаарында сүннөттөн каза болгон баланын ата-энеси Россиянын жарандыгын алган кыргыздар экени белгилүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Эске салсак, буга чейин үч жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин каза тапканы тууралуу маалымат тараган.

Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, 6-январда баланын энесинин хирург таанышы ооруну сездирбөөчү дарынын жардамы менен үй шартында наристеге сүннөткө отургузуу боюнча операция жасаган. Абалы кескин начарлап кеткен балага энеси өз алдынча жардам берүүгө аракет кылып, ар кандай дары-дармек берген. Натыйжада наристе чарчап калган.

Аталган факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөөчүлөр 28 жаштагы хирургду суракка алышты.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар