ИГИЛ менен Талибдер бири-бирине жихад жарыялады

534 0

Афганистандын Нангархар жана Забуль провинцияларында Талибдер менен «Ислам мамлекетинин» (ИГИЛ) аскерлери кагылышкан окуя болгон эле.

ИГИЛ менен Талибдер бири-бирине  жихад жарыялады

Ооганстандагы «Талибан» радикалдык кыймылы менен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун ортосунда «ыйык согуш» (жихад) жарыяланды. Бул тууралуу «Машаль” радиостанциясы Ооганстандын Гельменд провинциясынын полиция Башкармалыгынын башчысынын билдирүүсүнө таянып жар салды. Жихад жарыялангандыгын тастыктаган документтер да бар экендигин полиция башчысы билдирген.

Бүгүнкү күндө «Талибан» радикалдык кыймылы Ооганстандын айыл жерлеринин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлгө алып турат жана ири шаарларды тартып алууга аракеттерди көрүп жатат. Ошол эле учурда бул өлкөдө ИГИЛ террордук уюмунун активдешүүсү байкалууда.



Даярдаган: М.АСКАРОВ
KYRGYZTIMES.KG


Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->