$ 67.49 - 67.84
€ 72.98 - 74.02

Улуу Британиянын ханышасы Элизабета II нин каза болгондугу айтылды

695 0

Британ басылмасы Улуу Британиянын 90 жаштагы ханышасы Элизабета II нин каза болгондугу жарыялады. Бирок көп өтпөй, анын өлүмү тууралуу маалымат сайттан шашылыш түрдө алынып салынды. Ага карабастан, кээ бирөөлөр кабарды скриншот кылганга жетишкен. Ошентип, бул маалымат интернет тармагына таркап, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына жетти.


Өз кезегинде, Британиянын падышалык үй-бүлөлүк башкаруунун расмий порталы бул маалыматты жарыялоо боюнча комментарий берген жок. Ал эми көп блоггерлер ханыша, чынында эле кайтыш болгон, бирок анын өлүмү зарыл болгон жол-жоболорду жүзөгө ашыруу үчүн жашырылууда дешет.

Британ басылмалары, анын ичинен Daily Mail ханышанын ден соолугу начар экени тууралуу буга чейин жазышкан.


Булак: Каганат

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->