Мурашев сабатсыздыгын көргөзүп, элчиге, конокторго шылдың болду…

291 0

Мурашев сабатсыздыгын көргөзүп, элчиге, конокторго шылдың болду…


Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айыл чарбасын жакшы түшүнгөнү менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жоктон тапкансып Нурбек Мурашевди алып келип койду. Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан сөз сүйлөп жатып Сооронбай Жээнбеков азыркы министр Нурбек Мурашевди жөн салды мактап, «Элетте жүрүп чоңоюп, айылда пахта жыйнаган бала» деп мактады. Арийне, мактап туруш керек. Бирок канчага чейин? Мисалы, Кыргыз республикасы жана Белорусия мамлекети менен «ООО ГОС СельхозМаш» менен бирдикте «РадиаторМаш» ЖЧКсы менен Белорусиялык кол кою келишиминде жаңы министр сабатсыздыгын көргөзүп, элчиге, конокторго шылдың болду. Эң жөнөкөй кагазга жазып берген сүйлөмдөдү окуй албай, акыры «Я Мински бывал, там корошо, толко часный бывал, там корошо» — деп келген меймандардын боорун эзди.

Жаңы жыл алдында министрликке караштуу департаменттердин жетекчилерин чогултуп мыйзамсыз каражат чогултуу менен «Айкөл» ресторанында отуруш уюштурганы өзүнчө жомок. Эгерде ал кечени өткөрүүгө каражат кайдан табылганын тиешелүү органдар изилдесе чоң маселе чыгат. Министр Мурашев Ноокенде жөнөкөй адамдан баштап, соода-сатыкка аралашкан ишкерлерге чейин «КРнын Айыл чарбасынын мыкты кызматкери» аттуу медалды ой келди таратып жатат. Катчысы, жардамчысы, кеңешчиси баш болуп, эң жөнөкөй компьютерде иштегенди билбегенин айтпай эле коёлу.

Булак: Фабула
chyndyk.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->