Бишкекте жаран "сүйлөшкөн кызын автоунаада сейилдетүү үчүн унаа уурдады" деп шектелүүдө

274 0

Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелип жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкекте жаран "сүйлөшкөн кызын автоунаада сейилдетүү үчүн унаа уурдады" деп шектелүүдө

Маалыматка ылайык, окуя 10-январдан 11-январга караган түнү саат 01:30да катталган. Анда В 00-58 АY мамлекеттик номурлуу Хонда-Акура үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылганы Патрулдук милиция кызматына күбөлөр тарабынан кабарланган. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, унаа катуу ылдамдыкта келип темир бетонду сүзгөн. Андан соң анын айдоочусу жана ичинде отурган кыз белгисиз тарапка качып кетишкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгында 1997-жылы туулган жаран кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. “Мен Бишкектеги Рыскулов көчөсүндөгү унаа жуучу жайда иштейм. Кардар бизге унаасын жуудуруу үчүн таштап кеткен. Сүйлөшкөн кызым менен сейилдеп келүү үчүн унааны айдап чыккам”, - деп билдирген кармалган жаран.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->