Түркиядагы жаштардан УКМКга кайрылуу

220 0

Түркиядагы жаштардан УКМКга кайрылуу

Бүгүн, УКМК КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын фейсбук аркылуу президентке акаарат келтиргендерди жазалоо өтүнүчүнө жооп кайтарды. Катта ар дайым президентти жамандап келген 45 кишинин атын атады. Алардын катарында Түркияда билим алган Тойчубек Акматали уулу деген жигит да бар болчу. Анын достору ММК өкүлдөрүнө жана УКМКга интернет аркылуу кайрылуу жолдошту.

Оңдобой беребиз:

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетине, Жалпыга маалымдоо каражаттарына Түркияда билим алып жаткан жаштардын атынан

КАЙРЫЛУУ!


Жакында эле КСДП партиясынын депутаты Ирина Карамушкина президенттин дарегине карата социалдык тармактарда терс пикир жазгандарга чара колдонуу боюнча УКМКга кат жазган экен. Депутаттын талабын орундаткан УКМК 45 адамдын тизмесин түзүп, анын 10у чет өлкөдө жүргөндүгүн, аларга карата чара көрө албастыгы жөнүндө депутатка расмий кат жөнөтүптүр. Бул кабар ММК беттерине бүгүн жайнап чыкты.

Биздин кайрылуубуз төмөндөгүчө:

Биринчиден: Чет өлкөдө жүргөн 10 адамдын ичинде Тойчубек Акматали уулу деген досубуз да бул тизмеге илинген. Кайсыл себептер менен Тойчубек тизмеге илинип калганы бизди таң калтырууда.

Экинчиден: Социалдык тармактарда күн сайын канчалаган президенттин дарегине карата сындар жарыяланып турат. Бирок биз Тойчубектин Facebook баракчасынан эч бир президентти сындаган пост же бөлүшүүлөрүн көрө алган жокпуз.

Үчүнчүдөн: Тойчубек 2016-жылы КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын ийгиликтүү аяктаган. Түркия Республикасынын «Түркия Стипендиялары» программасынын алкагында сынактардан ийгиликтүү өтүп, азыркы учурда Самсун шаарында магистратурада билимин жогорулатып жаткан кези. 2016-жылы «Түркия Стипендиялары» программасына дүйнө жүзүндөгү 170 өлкөдөн 120 миң студент ат салышып 5 миң студент Түркияга окуу бактысына ээ болгон, алардын бири Тойчубек.

2016-жылдын 12-декабрында Анкара шаарында улуу жазуучубуз Ч.Айтматовду эскерүү иш-чарасында Тойчубек кыргыз ырларын комуз менен жаңыртып, келген коноктордун баары ыраазы болушкан. Учурда окуусун да ийгиликтүү окуп жатат.


Тойчубекке карата мындай мамиле, анын алып жаткан билимине оор сокку болууда. Мамлекет үчүн чет жерден билим алып келип, анын өнүгүүсүнө, өсүүсүнө өз салымыбызды кошолу деген жаштарыбызды колдоонун ордуна мынтип, артынан куугунтуктоо мамлекеттин келечегине балта чапкандык деп эсептейбиз. Эртең башкалар да жалган жалаа менен бул куугунтуктоого кабылышы толук ыктымал. Башка күнөөлөнгөн жарандар да балким туура эмес балким туура илингендир. Бирок аларды билбегенибиз үчүн алар жөнүндө эч нерсе айта албайбыз.

Төртүнчүдөн: Депутаттар мындай майда нерселер менен алектенбей, учурдагы маанилүү маселер менен алектенсе. УКМК президенттин дарегине карата терс айткандарды издебей кундө болуп жаткан бардык министрликтердеги, мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, Кумтөр, Мегаком, Дастан заводу, чек арадагы аткезчилик, 7-апрель, июнь окуялары боюнча күнөөлүүлөрдү издесе дагы кадыр баркы өсөөр эле.


Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->