$ 68.66 - 68.86
€ 80.15 - 81.00

Мэр болчулардын дебаты "Сентябрь" каналында өтмөй болду

271 0

Мэр болчулардын дебаты "Сентябрь" каналында өтмөй болду

Дебатка чыгуу демилгеси Алдылдаевге таандык. Буга чейин талапкерлер депутаттар менен жолугуп, өз программаларын сунушташты. Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Албек Ибраимов менен Нурдин Абдылдаевдин дебаты бүгүн, 10-январь күнү "Сентябрь" каналында өтөт. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы билдирди.

Эскерте кетсек, 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам боюнча жаңы курам Бишкек шаарынын мэрин шайлашы керек. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Албек Ибраимовдун талапкерлигин көрсөтсө, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы Нурдин Абдылдаевди алып чыккан.

Дебатка чыгуу демилгеси Абдылдаевге таандык. Бул сунушка Ибраимов да макул болгон. Буга чейин талапкерлер депутаттар менен жолугуп, өз программаларын сунушташты.

Бишкектин мэрлигине талапкерлер

Берүү 21.00дө башталат.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар