$ 67.49 - 67.84
€ 72.98 - 74.02

Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган

311 0

Интернет клубдагы күзөтчүлөрдүн куралын тартып алган төрт кишинин экөө изи сууй электе кармалган.

Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган

Шейшемби күнү болжол менен саат 11.00дөр чамасында Айтматов проспектиси менен Жаманбаев көчөсүндөгү интернет клубдардын биринде мас абалындагы төрт киши жаңжал чыгарганын Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

"Клубдун кызматкерлери жеке күзөт агенттигинин кызматкерлерин чакырган. Чыр салгандар "Сайга" мылтыгы менен куралданган күзөтчүлөрдү сабап, мылтыгын тартып алышкан", — деп айтылат маалыматта.


Андан кийин клубдун кызматкерлери 102 кызматына чалып, милицияны чакырган.

"Окуя болгон жерге аталган райондо жүргөн Кайгуул милициясы келген. Панфилов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде мергенчинин куралын көтөрүп жүргөн төрт киши байкалган. Кармоо учурунда алардын экөө качып кеткенге үлгүрүп, мылтыкты көтөрө кетишкен. Калган экөө кармалды", — деп Кайгуул милициясынан билдиришти.


Болжол менен 20-25 жаштардагы кармалган жарандар мас абалында болушкан.

Учурда алардын ким экени аныкталууда. Алар РИИБге алып келинген. Качып кеткен эки жаранды издөө боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган

Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган

Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->