$ 68.44 - 68.70
€ 80.10 - 81.12

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

586 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, окуя 5-январь күнү саат 18:00 чамасында орун алган. Орозбеков айыл аймагынын Кулду айылынын 9-классынын окуучусу тоодон боюн таштап каза болгон. Ал боюн таштаган жер болжолдуу 25-30 метр болгон.

Кадамжай РИИБи бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Маркум чоң атасы менен бирге жашагандыгы, ата-энеси жана бир тууган агасы Россияда эмгектенип жүргөндүгү аныкталган. тергөөчүлөр соттук медициналык экспертиза дайындашып, кыздын зордукталбаганын, денесине эч кандай күч колдонулбаганын тастыкташкан.

Анын үй-бүлөдө да, мектепте да эч кандай көйгөйлөру болбогондугу маалым болгон.

Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар