$ 68.44 - 68.70
€ 80.10 - 81.12

Оюнчук тапанча менен дарыкананы тоноп кеткен жаран кармалды (Видео)

342 0

Оюнчук тапанча менен дарыкананы тоноп кеткен жаран кармалды (Видео)

Чүй облусунун Москва районунда дарыкананы тоногон кылмышкер милицияга кармалды. Ал окуянын кандайчо болгондугун милицияга мындайча айтып берген.

«Оюнчук тапанча менен дарыканага барып, кассадагы болгон акчаны алып кеткем, ал жерде 28 миң 300 сом акча болгон» — деп айткан шектүү жаран.


Милициянын маалыматына таянсак, 2016-жылдын 11-декабрында 102 кызматына билдирүү келип, Беловодск айылындагы дарыканалардын бирине куралдуу кол салуу болгондугу кабарланган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери белгисиз бирөө медициналык беткап менен келип, тапанча менен сатуучуну коркутуп, 35 миң сомду алып кеткенин такташкан.

«Тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 26 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.



Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар