$ 68.84 - 69.04
€ 76.32 - 77.25

Чүйдө сүйгөн кызынан кызганып, 15 жаштагы баланы өлтүргөн жаран кармалды

840 0

Чүйдө сүйгөн кызынан кызганып, 15 жаштагы баланы өлтүргөн жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылында 17-жаштагы бала сүйлөшкөн кызын кызганып 15 жаштагы дос баласын бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-январында Беловодск айылыны 51 жаштагы тургуну 15 жаштагы баласы жоголгондугу тууралуу арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө жыйынтыгында 15 жаштагы баланын сөөгүн саздын арасынан табышкан. Ал бычактан 6 жолу жаракат алган.
Кылмышка шектүү деп 17 жаштагы ошол эле айылдын тургуну В.С кармалган.

Анын үйүнөн маркум жаракат алган бычак, анын уюлдук телефону жана сим -картасы табылган.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.


Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар