$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Сариев Бишкек шаарынын мэри болуусу мүмкүн

502 0

Сариев Бишкек шаарынын мэри болуусу мүмкүн

11-январь күнү Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өтөт. Ага 2 талапкер ат салышууда, алардын бири Албек Ибраимов болсо, экинчиси Нурдин Абдылдаев. Шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүгүнүн добушун алган талапкер мэр болуп дайындалат. Айрым политологдор азыркы эки талапкер тең мэр болбой калуусу мүмкүндүгүн, үчүнчү талапкер көрсөтүлүүсү толук ыктымалдыгын айтып жатышат.

Мисалы буга чейин Бакыт Бакетаев ММКлардын бирине берген маегинде үчүнчү талапкер даярдалып жаткан болуусу толук ыктымалдыгын айткан. Мындай пикирге дагы бир политолог Табылды Акеров да кошулду.

“Нурдин Абдылдаев жакшы атаандаш, тажрыйбалуу саясатчы, өлкөдөгү бир нече экономикалык обьектилерди башкарган. Бирок азыркы эки талапкер тең өтпөй калуусу мүмкүн. Айрымдар үчүнчү талапкер чыгуусу мүмкүндүгүн айтып жатышат.

Азыр президенттикке даярданып жаткандардын катарында Темир Сариев да бар, бийлик аны мэрликке көрсөтсө, ал президенттикке ат салышпайт. Ошентип, алар дагы бир атаандашынан кутулушат” – деп айткан
ММКлардын бирине Акеров.

Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->