$ 68.66 - 68.86
€ 80.15 - 81.00

Бишкекте Оппозиционерлерди коргоп жаткан адвокатты сабап кетишти

409 0

Бишкекте Оппозиционерлерди коргоп жаткан адвокатты сабап кетишти

Белгисиз адамдар адвокат Данияр Мамановду сабап кетишкен. Бул тууралуу Данияр Маманов өзү azattyk.org сайтына билдирген.

Ал “бийликти басып алууга аракет кылышкан”- деп абакта отурган оппозициячыл саясатчылар Бектура Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдордун кызыкчылыгын коргоп келет. Белгисиз адам 28-декабрда Салтанат ресторанында тааныштары менен отурган адвокат Данияр Мамановду сыртка чакырып чыгып, сыртта күтүп турган, дагы бир нече адам болуп, кол салышкан.
Азыр ал бутунун эки жери сынып, №4 шаардык ооруканада дарыланып жатат. Ал эми аталган ресторандын кызматкерлери видео записти берүүдөн баш тартышкан. Азырынча эмне себептен кимдер кол салуусу мүмкүндүгү туурасында адвокат өзү пикир айтуудан баш тартып койгон.

ИИМ болсо тууралуу эч кандай арыз түшпөгөндүгүн билдиришкен.


Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар