$ 68.57 - 68.95

Адамды коюп кеткен маршрутканы таксист менен күбө кууп жөнөгөн

657 0

Адамды коюп кеткен маршрутканы таксист менен күбө кууп жөнөгөн

Милиция из суутуп кеткен айдоочуну өз эрки менен бөлүмгө келүүгө чакырууда. Жолдон өтүп баратканы кишини коюп токтобой кеткен айдоочунун артынан таксист менен окуяга күбө болгон жай тургун кууп жөнөгөн. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милициясы билдирди.

Буга чейин жума күнү саат 23.00дөр чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинде маршрутка 61 жаштагы адамды коюп, айдоочу из жашырып кеткен. Жабырлануучу оор абалда Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

"Бустун артынан эки машина кууп жөнөгөн. Бирок тумандан улам аны таппай калышкан. Биздин маалымат боюнча маршрутка Дэн Сяопин проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй баратып, Кайназаров көчөсүнө бурулуп кеткен. Куугунчулар ал жерден түз эле өтүп, натыйжада таппай калышкан", — деди Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров.

Адамды коюп кеткен маршрутканы таксист менен күбө кууп жөнөгөн

Учурда адамды коюп кеткен айдоочу изделип жатат. Көргөн-билгендер болсо 53-22-33, 53-01-81, 0772 18-88-21 телефондору аркылуу байланышса болот. Милиция из суутуп кеткен айдоочуну өз эрки менен бөлүмгө келүүгө чакырууда.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар