$ 68.66 - 68.86
€ 80.15 - 81.00

Президент Атамбаев актер Азиз Мурадиллаевдин операциясына 414 миң сом бөлдү

399 0

Президент Атамбаев актер Азиз Мурадиллаевдин операциясына 414 миң сом бөлдү

Операция жасоого 30 миң доллар керектелери болжолдонуп жатат. Актер Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев 414 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп берди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине актердун жубайы Элвира Жумалиева билдирди.

Анын айтымында, актер 15-январда операция жасатуу үчүн Түркиянын Стамбул шаарына барат.

"Азиз операция жасатууга барар алдында президенттен колдоо тапканыбызга кубанып турабыз. Буга чейин аны Индияга алып барууга дайынданып жатканбыз. Кайра Ассоль Молдокматова Түркиядан жакшы клиника менен сүйлөшкөнүн айтып, ошол жакка барууну сунуштады. Жолдошум менен кошо апасы жана бизге жардам берип жүргөн Нургалы Асаналиев барат. Ал жактагы клиника анализдерди кайрадан алып текшерген соң, кандай операция жасалары маалым болот. Ага болжолду түрдө 30 миң доллар керектелери айтылууда", — деди Жумалиева.


Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов актерго каражат бөлүнгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине ырастады.

Белгилей кетсек, Атамбаев актердун операциясы үчүн буга чейин да 500 миң сом бөлгөн. Ошондой эле Жогорку кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын (231, 8 миң сом) которгон. Мындан сырткары ырчылардын катышуусу менен концерт марафон өткөрүлгөн.

Азиз Мурадиллаевге боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозу коюлган. Ага октябрь айында Москва шаарында алгачкы операция жасалган.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар