$ 68.57 - 68.95

Аида Саляновага киллер жалдандыбы?

921 0

Аида Саляновага киллер жалдандыбы?


Ушуга дейре куугунтуктарга чыдаган экс-башкы прокурор Аида Салянованын тагдыры татаалдашып турат. Аз күн мурун Алексей Елисеевдин адвокаттык ишмердүүлүгүн узартканы боюнча кылмыш иши козголду. Аида айым ага да моюн сунбай, “актыгымды далилдейм” деген ойдо көгөрүп турат. Ал эми жакынкы күндөрү Саляновага киллер жалданып, көзүн тазалоо боюнча буйрук кеткени ырасталабы? Эгер Аида айымды атып кетсе, Кыргызстанда кандай кырдаал түзүлөт?

Булак: Азия ньюс

Бийликтин жүрөгүн түшүргөн Аида Салянова!


Учурда алсыз бийлик Аида Салянованы «темир айымды» сындыра албайт, анткени алар калдыркан, өздөрү бат эле айрылып калаарын түшүнбөй жатышат.
Кудай бар да, «бирөөгө ор казсаң, өзүңө зындан» демекчи, бийликтин калптары чыгып, кемеси күндөн-күнгө чөгө баштады. Айласы кеткен бийлик жаш баланын кылыгын кылып, күчтүү оппоненттерин каралоо ирээтинде болбогон «дешевый-черный» пиарларды ойлоп таап жатышат. Бийликтин ойлоп тапкан кара пиарлары, четинен калп болуп чыгып, калптары ашкереленип жатат. Буга чейин экс-министр Жылдыз Мамбеталиева Елисеевдин лицензиясын узартууга Салянованы күнөөлөп келген, төмөндөгү аудио жазууда бул ишке Салянованын эч кандай тиешеси жок экени ачык-айкын көрсөтүлүп турат. Белизгейт боюнча да жалган маалыматтарды чыгарышты, же анысынан жыйынтык жок. Бийликтегилер бул жалган маалыматты элге жарыялап алып, эми бул маалыматты ырастай албай баштары маң болуп турган мезгили. Мындай кадамдар менен Президенттин жанындагы сабатсыз кеңешчилери акыры бийликти элге жек көрсөтүп, президентти аңга түртүп тынышпаса болду.


Булак: Чындык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->