$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Динара Акулованын кызы Малика Дина алдамчылыкка шектелүүдө

2652 0

Динара Акулованын кызы Малика Дина алдамчылыкка шектелүүдө

Белгилүү ырчы Динара Акулованын кызы Малика Дина алдамчылыкка шектелип жатат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен «Вечерний Бишкек» сайты жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Малика Динанын үстүнөн Аламүдүн РИИБине арыз келип түшкөн. Ал арыздын ээси Дина ижарага унаа алып, акысын толук төлөбөгөнүн, ал тургай унааны сатып жиберүүгө аракет көргөнүн айткан.

Милиция учурда кылмыш ишин козгоо үчүн баардык жагдайлар териштирилип жатканын кабарлаган.

Ал эми Динара Акулова болсо, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок экенин айткан.

Ал алгач унааны ижарага кызы алганын айтып жатып, кйинчерээк тилинен жаңылып, кызынын достору ижарага алганына айткан.

«Учурда баары акчага иштегиси келет, кыштын күнү тойлор аз, кызыма кара пиар кылып, өздөрү иштегиси келгендердин кылганы го. Акча бираз тартыш болуп калгандыктан убагында бере албай калса, унаанын ээси улуу киши болгон соң акчаны бербей коет деп ызы-чуу чыгарган го» — дейт Акулова.


Акулова кызы 30-декабрда ижарага унаа алып, 1-январда кайтарып бермек болгонун, убагында унааны ээсине кайтарбагандыктан чуу чыкканын айтып берен.

«Кызымдын достору ижарага унаа алып менин кызымдына атына каттатышкан. Анткени, башка эч кимисинин жанында документ жок богон экен, кызыма каттатышкан, акча менен унааны кайтарууда убакыт созулуп кеткен. Мен келип, бардык акчаны төлөп берип, унаасын кайтарып бердик, эч кандай чуу кыла турган нерсе жок» — дейт ырчы.


Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар