$ 68.80 - 69.12

Жалал-Абад облусунда ботулизм дартына чалдыккандар улам көбөйүп баратат.

370 0

Жалал-Абад облусунда ботулизм дартына чалдыккандар улам көбөйүп баратат. Бул жөнүндө Жалал-Абад аймактык ооруканасынын дарыгери Камил Сатаров кабарлады.
Камил Сатаровдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Базар-Коргон районунда туздалган бадыраңдан ууланган беш жаран ооруканага жаткырылган. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экен. Натыйжада оор абалдагы кыз каза таап, дагы он жаштагы бала эмдигиче өзүнө келе элек. Калгандарынын абалы канааттандырарлык. Учурда баары дарыгерлердин такай көзөмөлүндө.
- Мындан аз убакыт мурда, 1-декабрда Жалал-Абад шаарында беш жаштагы Муштарий Якубова тамактан ууланып ооруканага түшкөн. Ал дагы өзүнө келе элек. А жеткинчек үй шартында жасалган консерваланган азыктан ууланып, ботулизмге чалдыккан, - деди Жалал-Абад аймактык ооруканасынын дарыгери Камил Сатаров.
Айтмакчы, өлкөнүн түштүк тарабында ботулизм таякчасын аныктап текшерген лабаратория жок. Буга байланыштуу дарыгерлер оорууну бейтаптан сурап гана билишет. Аталган микроб кислородсуз жерде, консервада, чучук, колбасалардын ичинде жашайт жана ууга айланышы толук ыктымал.
Эскерте кетсек, жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда ботулизмге 24 адам чалдыгып, анын төртөө каза тапкан.

Булак: sayasat.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->