$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

Кочкор-Атада жолдон өтүп бара жаткан адамды тапанча менен бетке аткан

657 0

Кочкор-Атада жолдон өтүп бара жаткан адамды тапанча менен бетке аткан

Жалал- абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарында жолдон өтүп бара жаткан эки адамды бетине атып жиберген. Бул тууралуу Жалал-абад облусунун ИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-январь саат 00:30 чамаларында маданият үйүнүн жанында Момбеков кыштагынын эки тургуну өтүп бара жатып, ошол жерде турган балдар менен чатакташа кеткен. Ошол учурда токтоп турган унаадан түшкөн 30-35 жаштардагы адам бирин бетке жана ичине аткан экинчиси да жабыр тарткан. Алар жакынкы ооруканага жеткирилип, бири биринчи жардам менен эле үйүнө кетсе экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.
Издөө иштеринин натыйжасында аталган унаанын ээси жана анын эки шериги кармалган. Алар мурда да соттолгон адамдар болгон.
Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар