$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Кытайда куралчан киши бала бакчага кол салып, 11 наристе жаракат алды

653 0

Кытайда куралчан киши бала бакчага кол салып, 11 наристе жаракат алды

Балдарга бычак ала чуркаган жаран кармалды. Азырынча кылмыштын себептери белгисиз. Кытайдагы Гуанси-Чжуанск автономдуу районунда бычак менен куралданган киши бала бакчадагы 11 баланы жарадар кылды. Бул тууралуу РИА Новости CCTV телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты


Окуя Пинсян шаарындагы бала бакчада саат 15.30дар чамасында (Бишкек убактысы боюнча 13.30) болгон. Кылмышкер тартип сакчылары тарабынан кармалган.

Маалыматка караганда, беш бала оор жаракат алган. Учурда балдар ооруканада. Алардын өмүрү коркунучта эмес экени белгиленген. Учурда полиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Балдарга кол салууга эмне себеп болгону азырынча тактала элек.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар