$ 67.49 - 67.84
€ 72.98 - 74.02

Дордойдо мурдун жаныбар кемирип кеткен кишинин сөөгү табылды

665 0

Дордойдун "Алкан" базарында таштанды челектердин жанынан 50-55 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматынын инспектору Майрам Аскарбекова билдирди.

Дордойдо мурдун жаныбар кемирип кеткен кишинин сөөгү табылды

Анын айтымында, 3-январь күнү түшкү саат 12:45тер чамасында "Алкан" базарынын таштанды таштоочу челектеринин жанынан табылган кишинин жашы 50-55терде.

"Өлгөн адамдын денесинде жаракаттар байкалбайт, сууктан тоңуп өлүшү ыктымал деп божомолдонууда. Сөөк өлүк саткоочу жайга жөнөтүлдү", — деди Аскарбекова.


Инспектор каза болгон адамдын мурдун белгисиз жаныбарлар кемирип кеткенин кошумчалады.

Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->