$ 68.02 - 68.32
€ 78.75 - 79.55

Машрапов УКМК паспортун алып койгонун айтып чыкты

248 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Яхъё Машраповдун паспортун алып койду. Бул тууралуу ал өзү «Азаттык» радиосуна кабарлаган.

Машрапов УКМК паспортун алып койгонун айтып чыкты

«Балдарым, келинчегим менен эч жакка чыккан эмесмин. Өзүм Стамбулга байма-бай каттап турам, жылына кыркка чукул Стамбулга каттоо жасайм, анын бардыгы өз ишмердүүлүгүмө байланышкан. Түрк медиасынын маалыматтары менин ичимди күйгүздү, бирок алардын кечирим суроосун талап кылбайм, себеби мен саясатка аралашкым келбейт» — деп айткан ал.


Буга чейин Түрк маалымат каражаттары Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга шектүү жаран Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнү тууралуу маалымат жарыялашкан эле. Түрк полициясы аны аэропорттон кармап, бир нече саат сурак кылып анан кое берген болчу.


Булак: teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->