«Керемет» мончосунун ээси милиция кызматкерлерин сабап салды

894 0

«Керемет» мончосунун ээси милиция кызматкерлерин сабап салды

2-январь күнү саат 18.00 чамада 102 телефон аркылуу Жалал-Абад шаарынын Балтагулов көчөсүндө жайгашкан “Керемет” мончосунда А.Зны өзүнүн жездеси уруп жатат деген чакырууга 2 аймактык тескөөчү барган учурда, Жалал-Абад шаарындагы “Керемет” мончосунун башчысы, 1977-жылы туулган И.А. мас абалда оозго алгыз сөздөр менен сөгүп жатканда ошол жердеги 20-25 жаштагы бейтааныш болгон бала сөзгө аралашып кеткен. Ошол учурдан пайдаланып И.А арттан келип байкатпай башына сокку уруп жиберген жанындагы 20-25 жаштагы бала (баласы) да кошулуп аймактык тескөөчүгө кол көтөргөн.

Бул окуя боюнча КЖКнин “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, милицияга каршылык көрсөткөн мончо ээси камалды.

Тергөө иштери уланууда.


Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар