$ 68.84 - 69.04
€ 76.32 - 77.25

КСДПнын Президенттикке талапкери — Сооронбай Жээнбеков болот

2473 0

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын соңунда өтчү президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолгону саясий чөйрөгө жакында ачыкталды. Мындан ары президент жана анын командасы, КСДП партиясы баш болуп азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги астында биригишээри анык болуп калды.

КСДПнын Президенттикке талапкери — Сооронбай Жээнбеков болот

Буга чейин КСДП Иса Өмүркулов, Сапар Исаков, Асилбек Жээнбеков сыяктуу саясатчылардын бирине токтолушу мүмкүн деген божомолдор бар болчу.

Сооронбай Жээнбеков-саясаттан чарбаны жогору койгон, саясий душмандары аз, ички интригалардан алыс саясатчы болгон үчүн КСДПнын ичинде президентикке колдоо табаары мурда эле белгилүү болчу. Бирок анын шайлоодогу атаандаштары да оңой эмес. Президенттик марага жетиш үчүн көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп турган Өмүрбек Бабанов жана Сариев/Төрөбаев тандемин утушу керек. Бабанов дагы, Сариев дагы оңой олтоң утулчу саясатчылар эмес…


Булак: teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->