$ 68.79 - 69.09

КАРГАНБЕК САМАКОВГО ЭЛ БААТЫРЫ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ! (ВИДЕО)

6 286 15

КАРГАНБЕК САМАКОВГО ЭЛ БААТЫРЫ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ!  (ВИДЕО)

Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты, белгилүү коомдук ишмер Карганбек Самаковго Эл Баатыры наамы ыйгарылды. Мындай чечимге “Тарых жана маданият” жылынын жыйынтыгында “Эл Баатыры” коомдук уюмунун Кеңешинин 80 мүчөсүнүн бир добуштан колдоосу менен келишкендигин аталган коомдук уюмдун төрагасы Турарбек уулу Майрамбек билдирди.

Эл тарабынан бааланган ардактуу наамды тапшыруу салтанаты Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоң концерттик залында өттү. Наамды тапшырууга Кыргыз Эл Баатыры, белгилүү дарыгер-нейрохирург, академик Миталип Мамытов, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин Эл артисттери Кайыргүл Сартбаева жана Самарбүбү Токтакунова, Кыргыз Эл артистти, композитор, “Кылым залкары” сыйлыгынын ээси Муратбек Бегалиевдер катышты.

Салтанаттын жүрүшүн Кыргыз Эл артисти Бакыт Тилегенов жетектеген Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри коштоп, жети дубандан келген элге чоң программадагы майрамдык концерт тартуулады.



Кадыр МОМОЕВ


“KYRGYZTIMES.KG”

Комментарии пользователей (15)

Ваш аватар
  



Фото юзера Акыйкат
Акыйкат 30.12.2016


Сыйлык кут болсун!
Эл тараза сиздин кызматынызга!
Келе жаткан был сизге даны куч кубат берген жыл болсун!
Дагы Кыргыздын маданиятына келечегине кызмат кылып, жаны масштабдуу, Эл аралык денгеелди камтыган долбоорлордун башында журушунузду тилейм!!!
Рахмат сиздин кыргыз элинин келечегине учун кошкон салымыныз учун!!!
Фото юзера Улан Жумабеков


Карганбек байке куттуктаймын сыйлыгыныз менен!
Сиздей намыстангандар коп болсун
Фото юзера Жумкадыр
Жумкадыр 31.12.2016


Эл баатыры наамы кут болсун иним. Биз Жаны куч айылынын тургундары жакшылыгынды унутпайбыз. Суу чыгарып бердин, жетим жесирлерге коп жардам берип журосун. Жакшылык кайрылып келет сага. Манастын руху колодосун.
Ушунунан жазба.
Сага кыянат кылган адамдар жакшылык корбосун. "Алардын тырмагы оспойт" деп койот, ак ийилет бирок сынбайт.
Фото юзера Азат
Азат 31.12.2016


Куттуктайм Карганбек Садыкович!
Фото юзера Атауул
Атауул 01.01.2017


Кандай керемет калыстык... Жалаң кыргыз эли сыймыктанган залкар атуулдарынын чечими... Эл тараза, эл калыс! Элден айланса болот! Эл баатыр элдин оозунда, эл арасында... Элдик уулду, эл тандайт... Кыргызды МАНАС жараткан, МАНАСты кыргыз тараткан... Баш оту менен бекитип ЮНЕСкого каттаткан, ким болду экен бул инсан? Жан дүйнөсүн азык кылып, каруусун казык кылып кыргызым деп жан үрөгөн Карганбек эл сыймыгы!
Фото юзера Saktanbek Kadyraliev


Эл батыры наамы президенттин указы менен берилет да. Коомдук уюмдун наамы танылбайт эмеспи. Чаташтырганды коюш керек да. Руханият же ошол окшогон уюмдардын сыйлыктары сыяктуу эле нерсе болуп калбайбы. Коомдук уюмдун бул иши мурдакы "Эл Баатырларына" жана мамлекеттин денгээлине колоко тушуроорун ойлонсонор боло катышкандар.
Фото юзера Чынар
Чынар 01.01.2017


СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН КАРГАНБЕК МЫРЗА! СИЗ ТАТЫКТУУСУЗ!

СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН КАРГАНБЕК МЫРЗА! СИЗ ТАТЫКТУУСУЗ!
Фото юзера Арчебальда


Сыйлыгыныз Кут болсун. Ак ийилет, бирок сынбайт... Эл сизди колдойт Эл Сиз менен
Фото юзера Муктар
Муктар 02.01.2017


Карганбек Эл Баатыры наамы кут болсун!. 80 мүчөнун бир добуштан колдоосун алыш оной олтон иш эмес. Ага жараша кадыр барк жана АК дилден кызмат кылыш керек!!!

Эл тарабынан бааланган ардактуу наам улансын!!! Татыктуусун.
Фото юзера Доктурбек
Доктурбек 03.01.2017


Карганбек сиз Эл баатыры наамына татыктуу адамсыз
кут болсун. Манастын, Бакайдын руху, арбагы колодоп журо берсин. Бар болунуз дагы-дагы Кыргыз элине кызмат кыла бериниз.
Фото юзера Мыкты
Мыкты 04.01.2017


Сыйлык ээсин тапты!
Фото юзера Баатырбек
Баатырбек 04.01.2017


Президентке рахмат! Калыс эмес, калыс эмес дейсиңер. Мындан өткөн калыстык болобу?! Мындан өткөн айкөлдүк болобу?! Татыктуу адамды аныктап, жаңы жылдын алдында Карганбек Самаковго Эл баатырын берген Алмазбек Шаршеновичке Миң алкыш айтыш керек. Ал эми сыйлык ээсин тааптыр. Баатырлык наамга чындыгында татыктуу инсан Карганбек Самаков.
Фото юзера наргиза
наргиза 04.01.2017


Сыйлыгыныз кут болсун Карганбек ага! Сиздин эмгегинизди эл баалап, эл билет. Кыргыз эли ар дайым сиз менен! Ишинизде ар дайым ийгиликтер коп болуп эл ичинде аман болунуз! Кыргыз эли сыймыктанат сиздей уулу менен. Бар болунуз!
Фото юзера кабылова кадича
кабылова кадича 05.01.2017


чолпонбай баатыр ак уйдон чыккан эмес кыргыз элинин ар-намыстуу патриот уулу деп КАРГАНБЕК САМАКОВДУ

-->