$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Россияда издөөдө жүргөн 4 кыргыз жараны Ноокенден кармалды

1619 0

Россияда издөөдө жүргөн 4 кыргыз жараны Ноокенден кармалды

ИИМдин оперативдүү кызматкерлери тарабынан соттон жана тергөөдөн качып жүргөн 7 киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда тергөөдөн жана соттон качып жүргөн жаран кармалды. Кармалган жарандардын төртөө Россияда издөөдө жүргөн, алар Россиянын кылмыш жаза кодексинин киши өлтүрүү, тоноо, зордуктоо, талоончулук менен айыпталышкан.

Кармалган жарандар аймактык милиция бөлүмүнө өткөрулүп берилди. Тергөөдөн кийин Россияда издөөдө жүргөн жарандар өткөрүлүп берилет.

Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар