Жумгалда кар көчкүнүн астында калган койчунун сөөгү табылды

601 0

Жумгалда кар көчкүнүн астында калган койчунун сөөгү табылды

Чабандын денеси туугандары тарабынан табылган. Нарындын Жумгал районундагы Кара-Дөбө кыштоосунда кар көчкү астында калган чабандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Кырсык кечээ, 28-декабрь күнү саат түш ченде болгон. Жабырлануучу ал жерде кой кайтарып жүргөнү айтылган.

"Көчкү 44 жаштагы чабанды басып калган. Анын денеси бүгүн эртең менен туугандары тарабынан табылды" — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине куткаруучулар дагы катышкан.

Булак;sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар