Жаңы жылдык кечеде ЖКнын кызматкерлери мушташа кеткен

2035 1

Жаңы жылдык кечеде ЖКнын кызматкерлери мушташа кеткен

Декабрь айы аяктап, ар кайсы тармакта иштегендер кесиптештери менен жаңы жылдык майрамды белгилешет. Андай корпоративдерден Жогорку Кеңештин кызматкерлери да четте калган жок.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча Жогорку Кеңештин кызматкерлери “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашеванын атасына таандык болгон “Дасмия” ресторанында жаңы жылдык кече өткөрүшүптүр.

Спирт ичимдиктерин көбүрөөк ичип алышканбы, же бири-бирине болгон таарынычтарын ушул күнү айтышканбы 27-декабрь күнү болуп өткөн кечеде ЖКнын кызматкерлеринин мушташып кетишкенин узун кулактар айтышты.

Жогорку кызматта иштеген галстукчандардын бул урушу өздөрүнүн аброюн түшүрүп койду.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында иштегендерди тартипке чакырып койгон бирөө жарымдын болбогону, Ак сакалдардын бири урушкандарды кой деп койгонго жарабаса, «Бириң өлүп бириң кал, бириң вазир бириң хан» — деп көңүл бурбай койгону таңкалтырууда.

Булак;teznews.kg

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Керимбек
Керимбек 30.12.2016


Булардан башка эмне кутууго болсун, дээрлик баары мээси жок, маданиятсыз "чурбандар". Соо кезинде мастай журушот, 100 граммдан кийин такыр эле неадекват болуп калышат да.