Текебаев саясый куугунтуктар тууралуу парламентте билдирүү жасайт

1138 0

Текебаев саясый куугунтуктар тууралуу парламентте билдирүү жасайт

Бийлик “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгоп, Елисеевге лицензия берүүдө мыйзам бузган деп күнөөлөп чыкты. Ал эми эл өкүлү муну бийликтин кезектеги каралоосу деп баалап, кылмыш ишин козгоого негиз жок экендигин айтууда.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев эртең Жогорку Кеңеште 10 мүнөт билдирүү жасап, өлкөдөгү саясый кырдаал, бийликтин Саляновага болгон кысымы, “Белизгейт” чыры боюнча пикирин билдирет.

Кечээги маалымат жыйында айтылбаган көптөгөн сөздөр айтылаары күтүлүп жаткандыгы айтылууда.

Текебаев Белизден келди делген маалыматтар калп экендигин аныктап, Атамбаевден сөзүнө туруп, Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирүүсүн талап кылган. Өз кезегинде УКМК Текебаевди актанып жатат деген билдирүү тараткан.

Эртеңки Жогорку Кеңештин отуруму ысык өтөт окшойт…


Булак;teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар