$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Бишкекте окуучу кыз мектепке барбаш үчүн педофилди ойлоп тапкан

1276 0

Бишкекте окуучу кыз мектепке барбаш үчүн педофилди ойлоп тапкан

Бишкек шаарындагы №67 мектептин 5-классынын окуучу кызы, мектепке барбаш үчүн педофил кол салгандыгын айтып чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылган.

Ал өз арызында, анын 5-класста окуган кызын чоочун киши унаасына салып белгисиз жака алып кеткенге аракет кылганы тууралуу жазган. Бирок, окуучу кыз анын колунан качып кетип мектепте жашынып калган. Анын айтымында окуя мектеп жакта болгон. Бирок, көчөдө эч ким жок болгондуктан ага эч ким жардам берген эмес.

Саат 11:30да кызыл куртка жана кара шым кийген киши кызды алып кеткенге аракет кылган.Милиция кызматкерлери аталган мектепке барып видео жазууну текшергенде окуучу кыздын өзү дагы, аны алып кетем деген киши дагы жок болуп чыккан. Мындан сырткары мектептин айланасында саат 11:30да адамдар көп болгон.

Окуучу кызды кайрадан суракка алганда, ал мектепке баргысы келбей педофилди ойлоп тапкандыгын айткан.


Булак;fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар