Өмүрбек Бабанов: “Президент боло турган адамдын келечек планы болушу керек”

234 0

Өмүрбек Бабанов: “Президент боло турган адамдын келечек планы болушу керек”

Президент боло турган адам, мамлекет башына келип ишти эмнеден баштайм, дегендей болбой, өз жоопкерчилигин сезип, кандай иштерди жасайм деген планы болушу керек. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынында билдирди

«Республика-Ата Журт» фракциясынын ана башчысы 2017-жылы боло турчу президенттик шайлоого талапкерлигин коерун партия өкүлдөрү чечээрин айтты. Анын айтуусунда, кийинки жылдын башында партия курултай өткөрүп, бул маселе боюнча чечим кабыл алат.

-Президенттик шайлоодо мамлекетти жетектейм деген адамды тандайбыз. Ошондуктан, биз партия менен кеңешип чечим кабыл алабыз,-деди Бабанов.


Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоо мыйзамдарында бир катар кемчиликтер бар экенин айтып, акыркы шайлоо мындай кемчиликтерди ачык көрсөткөнүн кошумчалады. Эл өкүлүнү айтымында, мындай кемчиликтерге жол бербөө үчүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү зарыл.

-Шайлоодогу административдик ресурс колдонуу менен добуштарды сатып алуунун жазасын теңдөө керек. Ошондой эле ар бир аймактык шайлоо участокторун видео көзөмөл менен камсыздоо зарыл. Биз шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун айкын-ачыктыгына жетишүүбүз керек, -деди Бабанов.


Бабановдун айтымында, партия шайлоо алдындагы берген убадаларын аткаруу боюнча бардык аракетти көрүп жатат. Буга далил катары ал депутаттардын артыкчылыктарынан баш тартуу боюнча мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алганын мисал келтирди.

Ошондой Бабанов, ипотека берүү убадасынын негизинде өкмөт ипотекалык компания түзгөнүн кошумчалады.

Ал эми электр энергиясын өздүк наркында сатуу боюнча убадага жооп берип жатып, Бабанов өзү өкмөттү жетектеп турганда электр энергиясына баанын көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Булак:Каганат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->