Жапония “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртууга каражат бөлөт

74 0

Жогорку Кеӊештин “Республика – Ата Журт” фракциясы «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эле аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Эки тараптуу келишимге ылайык, Жапония Өкмөтү “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу багытында 1,5 млрд иен (16 млн доллар) наркындагы гранттык каражатка 56 техника бирдигин сатып берүүгө тийиш. Бул долбоор Жапония эле аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) тарабынан ишке ашырылат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->