$ 67.49 - 67.84
€ 72.98 - 74.02

Таласта мектеп окуучулары уурулукка шектелип кармалышты

269 0

Таласта мектеп окуучулары уурулукка шектелип кармалышты

Таласта мектеп окуучулары уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-октябрдан 21-октябрга караган түнү Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндө болгон.
Анда белгисиз адамдар уюлдук телефон сатуучу дүкөндүн терезесин сындырып, 13 даана уюлдук телефон, 1 даана видеокамера жана 1 даана фотоаппаратты уурдап кетишкен.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Талас шаарында жайгашкан “Себат” балдар лицейинде 9-класста окуган Ф.А., Э.И. жана Б.Э. кармалган.
Учурда алар Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.


Булак;super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар